Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

У.Барктабасов премьер-министр болуу талабын койду


Бишкекке кире бериштеги “Киршелк” бекетинде токтотулган Урмат Барктабасовдун Бишкекке келаткан авто колоннасына Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, президенттин саясий иштер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев барып, У.Барктабасов менен жолугушту.

Т.Тургуналиев “Азаттыкка” билдиргендей, ал У.Барктабасов менен жарым саатча сүйлөшүп, ага Бишкектеги адамдарын таркатуусу керектигин, Балыкчыдан келаткан адамдарын артка кайтаруусу зарылдыгын түшүндүргөн. Үчүнчү бир күчтөр, чагымчылар ортого кошулуп, Бишкекте баш аламандык болуп кетүүсү мүмкүн экендигин айткан.

У.Барктабасов өз кезегинде бийликке үч талап койгон. Биринчи, ал Бишкек шаарындагы тынч маанайдагы курултайына жолтоо болбоону, экинчи, ага карата козголгон кылмыш иштерин бүгүн эле жокко чыгарууну, үчүнчүcү, токтоосуз түрдө аны өлкөнүн премьер-министри кылууну талап кылган.

Т.Тургуналиев болсо анын талаптарын бийликке жеткирерин айтып, бирок анын жок дегенде тергөөгө келип, кылмыш иштери боюнча көрсөтмө берүүсү керектигин билдирген. (IJz)

XS
SM
MD
LG