Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Түштүк Корея деңизде ири машыгуу баштады


Өлкөнүн коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, буга чейин болуп көрбөгөндөй ири машыгуу коңшу Түндүк Корея менен деңизде талашка түшүп келе жаткан чек арага жакын жерде башталды. Машыгуу Түндүк Кореяга эскертүү жасоо максатын көздөйт. Сеул быйыл мартта 46 морягынын өлүмүн Пхеньяндан көрүүдө. Анда Түштүк Кореянын кемесине торпедо тийип, чөгүп кеткен эле. Түштүк Кореянын аскерий өкүлдөрүнүн айтымында, машыгууга 29 кеме, 50 учак, 4500 миң аскер тартылууда. Түштүк Корея Түндүк Кореяга Сары деңизде 5 күнгө созулуучу машыгууда кандайдыр бир чагым жасалса, анын менен келише албасын эскерткен.

XS
SM
MD
LG