Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:48

Иранда аймактык саммит өтөт


Конок ээси Иран менен катар Ооганстан, Тажикстан президенттери катышуучу аймактык жыйын “перси саммити” деп аталат. Ага катышуу үчүн ооган президенти Хамид Карзай Тегеранга жөнөп кетти. Карзайдын ал жерде Иран президенти Махмуд Ахмадинежад, өлкөнүн жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө. Ал эми саммиттин күн тартибинде аймактык коопсуздук, энергия, стратегиялык жолдордун курулушу өңдүү маселелер бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG