Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Жогорку Кеңештин алдына чогулгандар азырынча тынч


Бишкектеги эски аянтта, Жогорку Кеңештин алдына чогулган У.Барктабасовдун тарапкерлери президент Роза Отунбаеванын чыгуусун талап кылып турушат. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болуп аткан жерден билдиргендей, азырынча чогулган адамдарда анча деле агрессивдүүлүк байкалбайт. Алардын саны болжолу менен 2000 чамалуу. Чогулгандардын арасынан экөө Жогорку Кеңештин имаратына кирип чыгып, имаратта президент жок экенин айтышты.

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Фарид Ниязов “Азаттыкка” билдиргендей, президент Роза Отунбаева бүгүн түкө чейин Ала-Арча резиденциясында чет элдик элчилер менен жолугушту. Ал Жогорку Кеңештин имаратына түштөн кийин гана келери пландалган. Бирок парламентте президенттин администрациясынын башчысы Эмил Каптагаев баштаган адамдар иштерин улантышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG