Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:03

Кыргыз президенти коопсуздук күчтөрүнүн укук бузууларын моюнга алды


Роза Отунбаева июндагы улут аралык жаңжаалдын артынан кыргыз коопсуздук күчтөрү тарабынан өзбек азчылыгынын укуктары бузулганын “Франс Пресс” агенттиги менен маегинде моюнга алган. Буга чейин июндагы тополоңдун соңунан коопсуздук күчтөрү өзбек улутундагыларды атайлап бутага алган деген айыптоолор адам укугун коргоочу топтор, Улуттар уюму тарабынан айтылган эле. Отунбаева андай айыптоолорду ырастап, кээ бир конкретүү мисалдарды келтирди. Алардын бири – Оштун Нариман айылында орун алган жакшы белгилүү окуя. Коопсуздук күчтөрүнүн 21- июндагы тазалоо операциясы учурунда ал жерде өзбек улутундагы эки жаран мерт болгон. Отунбаева ошондой эле Франс Пресстин кабарчысы менен маегинде октябрда өтөрү күтүлүп жаткан парламенттик шайлоо өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу багытындагы олуттуу кадам болоруна ишеним билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG