Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:38

З.Рысалиев У.Барктабасов менен сүйлөшүү жүргүздү


Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев Бишкекке киргизилбей аткан Урмат Барктабасов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жарым саатча созулган сүйлөшүүдөн кийин З.Рысалиев “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, маселени тынч жол менен чечүү боюнча аракеттер көрүлүп атканын, баш аламандыктарга жол берилбесин билдирди. Ал эми У.Барктабасов сүйлөшүү азырынча натыйжасыз болуп турганын гана айтты.

“Азаттыктын” кабарчылары “Киршелк” бекетинде токтотулган У.Барктабасовдун тарапкерлери топтолгон жерде туруп, окуянын өнүгүшүнө көз салышууда. Азырынча күч органдары менен авто колоннанын ортосунда чыңалуу байкала элек. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG