Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

У.Барктабасовдун тарапкерлерин кууп-таркатуу башталды


Кант шаарына жакын жайгашкан “Киршелк” бекетинде токтотулган мурдагы президенттикке талапкер Урмат Барктабасовдун тарапкерлерин атайын бөлүктүн аскерлери, милиция кызматкерлери кууп тарката башташты. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болуп аткан жерден кабарлагандай, ушул тапта Балыкчыдан келаткан 500-600 чамалуу адам артка качып жөнөштү. Аларды кууп таркатууда кулакты тундуруучу куралдар, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонулууда. Атайын бөлүктүн аскерлери учурда У.Барктабасовду колго түшүрүү аракетин көрүшүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG