Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Бишкекке кире беришке тогуз өткөрмө бекет коюлду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Улан Рысбеков кабарлады. Анын айтымында, Бишкек шаарынын коопсуздугун сактоо үчүн бүгүн түнү бою 2000 чамалуу милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде иш алып барат. Аларга 5000 чамалуу элдик кошуундун өкүлдөрү көмөктөшөт. Ошондой эле Бажы кызматынын кызматкерлери да Бишкекке кире бериштеги бекеттерге тартылууда.

Учурда Бишкек шаарында абал туруктуу. Жогорку Кеңештин алдында У.Бактабасовдун беш жүзгө жакын тарапкерлери дагы деле кетпей, Балыкчыдан чыккандардын келүүсүн күтүшүүдө. Ал эми Бишкекке кире бериште токтотулган Балыкчыдан келаткан У.Барктабасов баштаган авто колонна учурда толук таркатылып, айрымдары кармалды. Кармоо учурунда ок-дарылар табылган учурлар да болду. (IJz)

XS
SM
MD
LG