Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Кадамжай: мушташ болгон айылдарда дин кызматкерлери жолугушууларды өткөрөт


Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук акимчиликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Болотбек Абдрахманов, Кыргызстан мусулмандар муфтийинин орун басары Убайдулла Сарыбаев эки күн бою Баткен облусун кыдырып, этникалык топтор жашаган айылдарды коомдук коопсуздукту сактоо, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо багытында жолугушууларды өткөрүүдө. 6-августта аталган өкүлдөр жергиликтүү дин кызматкерлери менен биргеликте апта башында Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл округунун аймагындагы жаштардын топтошуп мушташуусу болгон айылдарын кыдырып, калк менен жолугушуп, элди ынтымакка үндөгөн иш-чараларды өткөрүшөт.

Апта башында Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл округунун аймагында эс алуу жайда жаштар арасында мушташ чыгып, 300дөй киши чогулган. Күч кызматтары топтолгондорду көп өтпөй тараткан болчу. (JsA)

XS
SM
MD
LG