Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

К.Дүйшөбаев: У.Барктабасовду Бакиевдер каржылап турган


“Мекен туу” партиясынын негиздөөчүсү Урмат Барктабасовго 3 күн мурда Бакиевдердин туугандары тарабынан каражат келген. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынынтөрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнү ал акчаларды Бакиевдер кайсы каналдар аркылуу У.Барктабасовго жөнөтүп турганы, алардын бийликти басып алуу пландарынын баары белгилүү.

Бүгүн Ново-Покровка айылынын жанында токтотулган У.Барктабасовдун тарапкерлерин кууп таркатуу учурунда жалпы 27 адам кармалып, УКМКнын абагына камалышты. Алардын он экиси баш аламандыктарды уюштурууга активдүү катышышкан. К.Дүйшөбаевдин айтымында, У.Барктабасовду курчап жүргөндөрдүн жанынан 200 ашуун ок-дары, автоматтар, мылтыктар, тапанчалар, гранаталар табылган. Ошондой эле У.Барктабасовдун айланасындагылар качып бараткан маалда бир катар ок-дары, курал-жарак, гранаталарды ыргытып салууга үлгүрүшкөн. Учурда күч органдарынын кызматкерлери алар качкан маршрут боюнча курул-жарактарды издөөгө алышууда. УКМК кызматкерлери андан тышкары “Мекен туу” партиясынын Бишкектеги жана Балыкчыдагы кеңселерин тинтүүгө алышууда. Кармалгандарга массалык баш-аламандыктарды уюштурган, куралдарды мыйзамсыз алып жүрүшкөн, бийликти тартып алууга аракет кылышкан деген кылмыш иштери козголду. (IJz)

XS
SM
MD
LG