Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

“Мекен туу” партиясынын лидери У.Барктабасовго үч кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Урмат Барктабасов кечээ Ысык-Ата районунун Сынташ айылынын аймагында жанындагы төрт жигити менен кармалып, ага Кылмыш Жаза кодексинин 233-беренеси “массалык башаламандыкты уюштурган”, 241-берене боюнча “Мыйзамсыз курал алып жүрүү” жана 295-берене “Мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу аракети болгон” деген айыптар коюлуп, Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Кечээ Бишкекте курултай өткөрүүдө бийликти басып алууга чакырык таштаган жана Киргшелктун жанында массалык башаламандыкты уюштурууга аракет кылган делип Урмат Барктабасовдун 27 тарапкери камакка алынган. МАИ бекетинин жанында калтырылган унаанын ичинен ок атуучу курал, граната, ок-дарылар табылган.

К.Дүйшөбаев У.Барктабасовдун тарапкерлерин таратууда Чүй ИИБнин жетекчиси Бакыт Жусубалиев менен Бишкек шаардык ИИБнин башчысы Зарылбек Рысалиев жогорку профессионалдык деңгээлде иш аракеттерди уюшкандыкта өткөрүп, борбор калаада чаң-тополоңду болтурбай калганын белгиледи. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG