Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:12

Р.Отунбаева мыйзамсыз иш аракеттерге катуу чара көрүлөрүн эскертти


Кечээ президент Роза Отунбаева кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоп, анда “Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасовдун Бишкекте курултай өткөрөм деп, аз жерде чаң-тополоң уюштуруп жибере жаздап, мамлекеттик бийликти күч менен тартып алуу аракети болгондугун билдирди. Анын айтымында, Урмат Барктабасов бийлик өкүлдөрүнө 2005-жылы анын үстүнөн козголгон кылмыш ишин тез арада токтотууну жана премьер-министрлик кызматка дайындоону талап кылган.

- Алардын ичинде криминалдык топтордун мүчөлөрү да бар экен. Аянтта да алардын айрымдары болушту. Балыкчыдан Барктабасов менен кошо келе жаткан адамдардын арасында мурда түрмөдө отуруп чыккан адамдар да бар экен. Биз ошолорду Бишкекке киргизбейлик деп чечтик. Анткени Кыргызстандын жарым аймагында атайын чукул кырдаал киргизилип, коменданттык саат киргизилип, чоң кыйынчылыкка дуушар болуп турсак, Урмат Барктабасов премьер-министр болом деп элдин башын айландырып атат.

Отунбаева ошондой эле мыйзамсыз иш аракеттерге барган ар кандай саясий күчтөргө мыйзамдын чегинде катуу чара көрүлөрүн эскертип, алдыдагы парламенттик шайлоо мөөнөтүндө өткөрүлөрүн баса белгиледи. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG