Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Президент Роза Отунбаеванын билдирүүсү


Урматтуу мекендештер!

Бүгүн 5-августта, айрым саясатчылардын өлкөдөгү абалды дестабилдештирүү, жергебизде тынчтыкты бузуу, өлкөдө бийликти күч менен басып алуу аракети дагы кайталады.

Өткөөл мезгилдин орун алган көйгөйлөрүн уятсыздык менен спекуляция жасап, алар ачыктан-ачык эле элди алдоо жолуна түшүштү. Карапайым адамдарды курултайга чакырымыш этип, ал эми чындыгында бир адамдын – Урмат Барыктабасовдун жеке максаттарын ишке ашырууга умтулушту.

Кандайдыр бир түшүнүксүз себептер менен бул мырза дароо эле Премьер-министрдин кызматын, болгондо дагы дароо эле талап кылды.Бүгүн эле анын мыйзамсыз ишмердигине карата козголгон кылмыш ишин жабууну талап кылды. Ишке ашкыс талаптарды коюу менен, Барыктабасов аларды ишке ашырат деп ойлобогондугу айдан ачык. Укук коргоо органдарынын маалыматтарына караганда, анын айланасындагы куралдуу адамдардын болушу өлкөдө бийликти күч менен тартып алуунун кезектеги аракети туурасында кабар берип турат. Ошондой эле аянтта айрым криминалдык элементтер жүргөндүгү байкалды.

Ошол эле учурда Барыктабасов, азырынча өзүн тыңгылыктуу бир иш менен көрсөтө электигин сиздер жакшы билесиздер. Болгону анын Казакстандын жарандыгы болгондугу үчүн мындан 5 жыл мурда президенттик шайлоодон четтетилгендиги менен гана белгилүү. Ошол кезде бийликти күч менен басып алуу аракети ишке ашпай калгандыгы маалым. Ал араб өлкөлөрүнүн бирине качып баш катып жүргөндө, апрель революциясы гана анын Мекенинен кайтып келишине көмөктөшкөн. Андан соң, Генералдык прокуратуранын маалыматы боюнча, Казакстандын укук коргоо органдары ага издөө жарыялап, Барыктабасов алардын мамлекетинин жараны болгондугу үчүн аны кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Барыктабасовдун тарапкерлери тарабынан курултай өткөрүүгө тоскоолдук кылуу аракетин жасаган жок. Бирок, кечээ, Балыкчы шаарында алар милициянын кызматкерлерине кол салуу жасап, үч милиционердин табелдик куралы тартылып алынган, ал эми бүгүн эртең менен ошол адамдар автоколонна менен Бишкекти карай сапар тартышкан. Ички иштер министрлиги ок атуучу куралдар менен куралдангандарды борбор шаарыбызга киргизбөө боюнча аракет жасады. Мына ошол максатта Бишкекке кире берээр жерге блок-посттор орнотулган жана транспорт каражаттары текшерүүдөн өткөрүлгөн.

Бүгүн Жогорку Кеңештин аянтында чогулган адамдарга тынчтык митингин өткөрүү үчүн бардык шарттар тартууланган. Биз акциянын лидерлери менен диалогго даяр экендигибизди билдирдик. Тилекке каршы алардан курултайга келген талаптарынын тизмесин дагы ала алган жокпуз.

Өлкөбүздүн Президенти катары мен өзүмдүн кеңешчим Топчубек Тургуналиевге Киргшелк айылында тарапкерлеринин бир тобу менен курултайга келе жаткан Урмат Барыктабасов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча тапшырма бердим. Бирок ага кызмат берүү жана кылмыш иштерин жабуу тууралуу гана талаптарды уктук. Милиция колдон келишинче сабырдуулукту жана чыдамкайлыкты көрсөттү, ага карабастан бул жерге Бишкектен келген бир топ агрессивдүү тарапкерлеринин провокацияларынан кийин укук коргоо күчтөрү атайын каражаттарды пайдалануу менен тиешелүү чараларды колдонууга мажбур болушту.

Урматтуу мекендештер!

Азыркы учурда жагдай, бүгүн кечке чейинкидей эле, мыйзамдуу бийликтин жана милициянын көзөмөлүндө турат. Жарандардын тынчсыздануусуна жана алардын коопсуздугуна коркунуч келтирген негиздер жок.

Барыктабасов мырза укук коргоо органдары тарабынан кармалды, жакында иликтөөнүн сурагынан өтмөкчү. Барыктабасовдун куралчан бир катар тарапкерлери кармалып, куралсыздандырылды. Прокуратура органдары иликтөө аракеттерин жүргүзүп, кылмыш иши козголууда. Жарандардын тынчтыгын бузуу аракетине күнөөлүүлөр жазасын алышат.

Буга чейин бир нече ирет кабарлангандай, үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында жаңы Жогорку Кеңешти шайлоо болжолдонууда. Бардык саясий партияларга мыйзамдуу жол менен, элди өздөрүнүн саясий платформасынын тууралыгына жана артыкчылыктарына элди ынандыруу аркылуу бийлик үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк тартууланат.

Ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жана күч колдонууга тиешелүү татыктуу жооп берилет. Милиция менен укук коргоо органдары толук даярдыкта туруп, абалды дестабилдештирүүгө жол бербейт.

XS
SM
MD
LG