Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктургандардын саны үч миңден ашты


1-августка карата Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 37 болду. Алардын 67си балдар. Бул туурасында Республикалык “СПИД” бирикмесинин башчысынын орун басары Айгүл Исмаилова “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, алардын 2 миң 871и Кыргызстандын жарандары. Бул дартка чалдыккандардын 2100дөн ашууну эркектер. А.Исмаилова ВИЧти жуктургандардын көбү баңгизат колдонгондор экенин жана соңку учурда аялдар көп катталып жатканын, энеден балага кош бойлуу кезинде өткөн учурлар көбөйгөнүн белгиледи. Аталган илдетти жуктургандар июль айынын башынан бери 36 адамга көбөйгөн.

Ушуга байланыштуу Кыргызстан аялдар Конгресси 10-августта “Кордой” өткөрмө бекетинде “Мигранттар арасында бул илдетти алдын алуу” долбоорунун алкагында акция өткөрөт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG