Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:54

Талас: Барктабасовдун жактоочуларына эскертүү берилди


Таласта “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасовдун баракчаларын тараткан жактоочуларына Улуттук коопсуздук кызматы эскертүү берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» маалымдаган У.Барктабасовдун тарапкери, Талас шаарынын тургуну Таалай Шералиев “азыркы бийлик мурдагы бийликтей эле демократиянын талаптарын бузуп, адам укуктарына шек келтирүүдө” деп билдирди. Анын айтымында, аны менен бирге дагы 3 киши Улутук коопсуздук кызматынын Талас облусундагы бөлүмүнө чакыртылып, “Барктабасовду ээрчибегиле, ал мыйзамсыз кадамдарды жасап жатат” деген эскертүү алышкан. Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү бул адамдарды кармабагандарын, алар менен болгону баракчалар тууралуу сүйлөшкөндөрүн “Азатыкка” маалымдашты. Таалай Шералиев Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн буйругу менен Талас шаарынан чыкпоо тууралуу тил кат жазып бергенин билдирди. (UA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG