Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Ж.Акималиев: Орусия буудай экспортоого тыюу салса Кыргызстан кыйналат


Академик Жамин Акималиев мындай шартта Кыргызстан Орусия менен сүйлөшүүгө барышы керектигин “Азаттыкка” берген маегинде белгиледи. Анын айтымында, Орусия буудайды экспорттоого тыюу салса анда Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу начарлай түшөт. Эгерде Кыргызстан суранса Орусия жана Казакстан дан азыктарына пошлинаны азайтып бериши ыктымал.

Орусияда кургакчылыктын айынан буудайдын 20 пайызы күйүп кеткен. Анын айынан бул өлкө буудайды экспорттого тыюу салганы кабарланган. Орусия дүйнөдөгү эң ири буудай экспорттоочулардын бири. Өлкөдөн экспорт азаят деген чочулоодон улам июндун башынан бери буудайдын дүйнөлүк баасы дээрлик 70 пайызга кымбаттаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG