Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:26

Кыргызстандын муфтийи Жалал-Абадды кыдырды


Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов Жалал-облусунда губернатор Бектур Асанов менен жолугушту. Ал коогалаң учуруна түштүккө келе албай калганын айтып, учурда жаатташкан эки элди элдештирүүгө салымын кошуу максаты менен келгенин ачыктады. Ошондой эле ал муфтиятты реформалоо боюнча коомчулукка төрт долбоор сунушталып жатканын жана келе жаткан Орозо айына байланыштуу коменданттык сааттын мөөнөттүн жылдырып берүүнү облус жетекчилеринен суранды. Өз кезегинде Б.Асанов эки элдин ортосундагы жараканы бүтөөдө, кырдаалды турукташтырууда мусулман коомчулугунун ролу чоң экенин белгиледи. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG