Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Ошто окууга тапшырган абитуриенттердин саны кескин азайды


Ош облустук администрациясынын билим берүү бөлүмүнүн адиси Мурат Сулаймановдун айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу Оштун жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттердин саны кескин кыскарды. Эгер өткөн жылы Ош мамлекеттик университетине тапшыргандардын саны төрт миң болсо, быйыл бул сан бир жарым миңге чейин кыскарды.

“Түштүктөгү кайгылуу окуялар билим берүү тармагына терс таасирин тийгизди. Абитуриенттердин кескин кыскарганына байланыштуу биз 16-августтан тартып кабыл алуунун экинчи турун жарыялаганы турабыз”, - деди М.Сулайманов.

ОшМу план боюнча 3400дөн ашуун абитуриент кабыл алышы керек эле, иш жүзүндө аталган окуу жайга тапшырган жаштардын саны 1400дөн араң ашкан. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG