Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

“Кыргызалтындын” тегерегиндеги маселени комиссия иликтейт


Бул үчүн төрт кишиден турган комиссия түзүлдү. Маалыматка караганда, 30-июлдан бери Казарманда миңден ашуун адам “Кыргыз алтын” ишканасынын жетекчиси Алмазбек Жакыповду кызматтан кетирүү талабы менен митингге чыгышкан. Анда А.Жакыпов аталган ишканага президент болуп келгенден бери Тогуз-Торо элинин социалдык абалына көңүл бурулбай, жолдор оңдолбой, 20 үйдүн суу түтүктөрү чирип, тургундар сырттан суу ташып ичип жатканы белгилеген. Алар талаптары аткарылбаса “Макмалалтын” кенинин ишин токтоторун билдиришкен.

А.Жакыпов митингде коюлуп жаткан дооматтар негизсиз экенин, нааразылык акциясын ага каршы күчтөр уюштуруп жатканын “Азаттыкка” билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG