Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Пакистандын өкмөт башчысы селдин кесепети зор масштабга жеткенин эскертти


Юсуф Раза Гилани жаратылыш кырсыгы адам баласына жана инфраструктурага эсепсиз зыян алып келгенин белгилеп, эл аралык жардам сурады. Кечээ жалпы улуттук сыналгы кайрылуусунда өкмөт башчысы бул мындан 63 жыл мурда негизделген Пакистандын тарыхындагы эң оор суу ташкыны экендигин белгиледи.

Ооганстан менен чек арага жакын жердеги Чарссада шаарында үйүн суу алып кеткен жумушчу Шад Мухаммед өкмөт жетиштүү жардам бербей жаткандыгын айтат:

- Өкмөт көпүрөнү оңдотуп жатканы жакшы, бирок ал биздин башкы көйгөйгө көңүл бурса, биздин үстүбүздө үйүбүз жок калды. Өкмөт бизге үй кура башташы керек.

Чукул кырдаал кызматкерлери Хыбер ПахтунХва, Пунжаб, Синд дубандарында 12 миллион киши жапа тартып, 100 миңдеген үйлөрдү суу алып кеткендигин билдирүүдө. Жарым айдан берки кырсыкта бүтүндөй айылдар суу астында калды, сууга чөккөндөрдүн саны 1600гө жетти. Бириккен Улуттар уюмунун эсебине ылайык, Синд дубанында жарым миллион киши коопсуз жерге көчүрүлүп жатат. Бийликтер жаан дагы нөшөрлөп төгүп, кризис мындан да терең боло турганын эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG