Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Ошто 9-августта же 10-августта коменданттык саат жоюлат


Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облус губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын ырасташынча, өзгөчө кырдаал мезгилинде парламенттик шайлоону өткөрүү кыйын. “Бирок ар кандай тоскоолдуктарга карабастан шайлоону өткөрүү милдети турат. Болбосо өлкөдө талаш-тартыштар токтобойт” деп айткан Сооронбай Жээнбеков тогузунчу же онунчу август күндөрү коменданттык саат жоюлуп, бирок тартип коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте ишин уланта беришет.
Буга чейин Ош аймагынын коменданты Бакыт Алымбеков абал туруктуу болбогонуна карабастан шаар жана райондор өкмөттүн толук көзөмөлүндө экендигин билдирген.

11-июнда Убактылуу өкмөттүн чукул декретине ылайык, калаада орун алган тополоңдон кийин Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыяланып түнкү саат 2ден тарта коменданттык саат киргизилген. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG