Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

К.Кадыровду өз кызматында калтыруу талабы айтылууда


Буга байланыштуу жыйын бүгүн Чолпон-Атада өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы депутат, ички иштер министринин орун басары болуп иштеген Кубанычбек Кадыровдун жактоочуларынын бири Канат Солпиев кабарлады. Анын айтымында, жыйында К.Кадыровду коргоо комитетин түзүү маселеси да көтөрүлүшү ыктымал. “Ыңкылапка тиешеси жок адамдар иштеп жатат. Оор кырдаалда ишетеген адамды кызматтан алган туура эмес” деди К.Солпиев. Жактоочулар башка орун басарларына жарлык чыгып, К.Кадыровдун аты аталбаганына нааразы болушууда.

СДПК партиясынын мүчөсү К.Кадыров 2009-жылы президенттик шайлоо учурунда Балыкчы шаарында башаламандыкты уюштурду деп айыпталып, кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 7-апрелден кийин ал Кыргызстанга кайтып келип, ички иштер министринин орун басары болуп дайындалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG