“Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов менен чогуу кармалган айрым адамдар Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан токмоктолгонун “Азаттыкка” Бектемир Акунов атындагы коомдук фонддун өкүлү Урмат Акунов кабарлады. Ур-токмокко кабылгандардын бири Алымкул Секалиевдин бети-башы, денеси көгөргөнүн адвокат Жаманкул Жунусов да “Азаттыкка” тастыктады. Адвокаттын айтымында, А.Секалиев № 4 ооруканада текшерилип, бирок жаткырылган эмес. Ал эми УККнын басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулу бул дооматтарга негиз жоктугун, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди. (КЕ)