Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Ош облустук бийлигин басып алгандардын иши сотко ашат


Ош облус прокурору Марат Алымбековдун «Азаттыкка» кабарлашынча, мурдагы губернатор Мамасадык Бакиров жана анын биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев ушул жылдын 13-майында бир топ адамдарды баштап барып, облустук бийликти басып алышкан. Эртеси аларды райондордон чогулган эл кайра кууп чыккан. Бул факты боюнча аталган аткаминерлерге кылмыш иши козголуп, мамлекеттик төңкөрүштү жана массалык башаламандыкты уюштурган деп айып тагылган. Учурда бул иш улуттук коопсуздук кызматы тарабынган тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлүү алдында турат.

Анткени менен Мамасадык Бакиров жана Айтмамат Кадырбаев тагылган айыптардын бирин дагы моюндабастан, муну жаңы бийликтин саясий буюртмасы катары баалап келатышат. (ATo)

XS
SM
MD
LG