Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Бүгүн жазуучу А.Стамов менен коштошуу зыйнаты өтөт


Бүгүн Бишкектеги Опера жана балет театрында эртең мененки саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу жана маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Манас орденинин кавалери Асанбек Стамов менен коштошуу зыйнаты өтөт. Белгилүү жазуучу менен коштошууга бийлик өкүлдөрү, саясий, коомдук жана маданий ишмерлер, жазуучунун күйөрмандары келишмекчи. Анын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

А.Стамов 7-август күнү эртең менен 72 жашында дүйнө менен кош айтышкан.

P.S. Жазуучу Асанбек Стамов Москва районундагы Мураке айылында 1938-жылы 28-августта туулган. 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1962-жылы Токмок шаарындагы Токтогул атындагы мектеп-интернатта мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1967 – 1969-жж. Кыргызстан мамлекеттик басмасынын улук редактору, 1969 – 1971-жж. Кыргызстан КП БКнын аппаратында инструктор, 1971 – 1973-жж. Кыргызстан мамлекеттик басмасынын директору болуп иштеген. 1973-жылы Кыргыз ССРинин Маданият министринин биринчи орунбасары, 1985–1987-жж. Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадиокомитетинин төрагасы, 1987-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун көркөм адабиятты пропагандалоо бюросунун директору, 1989-жылы «Чалкан» журналынын редактору, 1992-жылдан пенсияга чыкканга чейин Учкун мамлекеттик концернинин төрагасы болуп иштеген.

Чыгармачылык жолун 1959-жылы «Ала-Тоо» журналына «Ата» деген чакан повестин басуудан баштайт. Биринчи китеби 1966-жылы «Таанышуу» деген ат менен «Кыргызстан» басмасынан жарык көргөн. 1975-жылы «Жаңы тууган» аттуу повести үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты деген наамга ээ болгон. Чыгармалары негизинен орус ж.б. чет элдик тилдерге которулуп, 1971 – 1989-жж. СССР Жазуучулар союзунун Пленумунун мүчөсү, ошол эле жылдардан тартып такай Кыргыз Жазуучулар союзунун Президиумунун мүчөсү болуп шайланган. 1967-жылы СССР Журналисттер союзунун, 1969-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. СССРдин «Ардак белгиси» ордени жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган. 1971–1990-жж. Фрунзе шаардык Эл депутаттарынын кеңешине депутат болуп шайланган. 1985–1990-жж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Манас орденинин кавалери. Көп аңгеме, повесттери Москвада басылып, Кыргыз жазуучуларынын антологиясына киргизилген. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG