Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

С.Аникеев: Талабым аткарылбаса бүгүн өзүмдү өрттөйм


Өлкө жетекчилигине жана коомчулукка 3-августта эле ачык кайрылуу жолдогон Салабат Аникеев ушул тапта Токтогул районунун акимчилигинин имаратына келип, өзүн-өзү өрттөөгө даяр болуп турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” С.Аникеев өзү маалымдады. Ал Токтогул акими менен анын орун басарынын кызматтан алынышын талап кылып атат.

3-августтагы ачык кайрылуусунда ал 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт мүчөлөрү айткан убадаларын унутуп - бийлик, байлык талашууга өтүшкөнү, андай тенденция бүгүн да уланып атканы айтылат. Андан ары ал К.Бакиевдин учурунда Токтогул районунун акиминин орун басары болуп турган Сатылган Арстанбеков бүгүн аким болсо, “Ак жол” партиясынын Кызыл-Туу айылы боюнча координатору Маданбек Эшматов анын орун басарына айланганын, алар учурунда оппозициядагыларга каршы иштери менен белгилүү болгонун баяндайт.

“Мен аким менен анын орун басарын гана алмаштыргыла деп атам. Башка кимди койсо да каршы эмесмин. Талабым орундалбаса 9-август күнү өзүмдү өрттөйм”,- деген болчу “Азаттыкка” С.Аникеев. Ошондой эле ал учурда эч бир партияга мүчө эместигин, аркасында кандайдыр бир күч жоктугун айтууда.

Ал эми Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, алар С.Аникеевдин өзү жана туугандары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атышканын билдирген.

Ошондой эле Б.Асанов өзүн-өзү өрттөмөкчү болуп аткан С.Аникеевдин аркасында белгилүү күчтөр турганын, алар өз кишисин аким кылууну гана көздөп атышканын, Токтогул районунда кадрдык дайындоолор туура болгонун билдирген.

PS. Салабат Аникеев – 56 жашта. Кара-Балта шаарындагы Экономика жана укук техникумун бүтүргөн. 35 жыл айдоочу болуп иштеген. Акыркы 15 жыл аралыгында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров уюштурган түрдүү акцияларга катышып, оппозиция катарында жүргөн. 2009-жылдагы президенттик шайлоодо Бириккен элдик кыймылдын жана президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Токтогул району боюнча штаб башчысы болгон. Үй-бүлөлүү. Жубайы, эки уулу жана эки кызы бар. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG