Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

А.Орозов: АКШ менен Ошко база куруу боюнча сүйлөшүүлөр болгон жок


Коопсуздук кызматынын катчысы Алик Орозов Кыргызстан АКШга түштүккө база ачуу маселеси менен кайрылбаганын жана алардан деле мындай сунуш түшпөгөнүн “Азаттыкка” ачыктады.
Айрым маалымат булактары АКШ Кыргызстандын түштүк аймагындагы Ош шаарына наркы 10 млн. долларды түзгөн аскердик база курууну пландаштырып жаткандыгын жазып чыккан. Маалыматка ылайык, база “Ош полигону” деп аталып, ал бир катар обьектилерден туруп, анын ичинде аскерлер үчүн казармалар жана офицерлер үчүн жатаканалар каралган. Жаңы базага жайгаштырылган аскерлер куралдандырылып жана ок-дарылар менен камсыздандырыла тургандыгын жергиликтүү маалымат булактар "Washington Post" гезитине таянып жазган.

“Өкмөттөн да мындай сөз чыккан жок, сүйлөшүүлөр да болгон жок. Эгер биз атуулдук согуш же дагы башка кооптуу акыбалга жеткирсек, бийликке баш ийбей, күндө митинг уюштура берсек анда АКШ уруксат сурабай эле кириши мүмкүн. Азыркы шартта биздин урукстабыз жок кире албайт”, - деди А.Орозов. (КЕ)

XS
SM
MD
LG