Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Ооганстанда талиптер аялды элдин көзүнчө жазалады


Ооган полициясы түндүк батыш Багдис провинциясында талиптер 48 жашар жесир аялды эркек менен мамилеге барган деп күнөөлөп, эл алдына алып чыгып, адегенде бир нече жолу жаакка коюп, анан атып салышкандыгын билдирди. 1996-2001-жылдар аралыганда талиптер ээлик кылган провинцияларда эгер аял күйөөсүнүн көзүнө чөп салса эл алдында жазаланып, анан өлүмгө буюртулган. Ал эми талиптердин маалымат катчысы Багдистеги жазалоодон маалыматы жоктугун айтып, сөз атуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG