Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Кыргызстандын түштүгүндө коменданттык саат жоюлду


Ош, Жалал-Абад, Өзгөн шаарларында, Өзгөн, Кара-Суу, Араван, Сузак, Базар-Коргон райондорунда өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат бүгүнтөн баштап жоюлду. Бул жөнүндө Убактылуу өкмөттүн декрети чыкканын бүгүн Президенттин Администрациясынын маалымат борборунун жетекчиси Фарид Ниязов билдирди. Анын айтымында, аталган областтардын комендатуралары жана Улуттук Коопсуздук Кызматы түштүктө өзгөчө кырдаал режимин сактоонун зарылдыгы жок экенин негиздеген маалыматтарды беришкен.

Июнь айындагы тополоң окуялардын учурунда түштүктөгү эки областтын борборлоруна жана бир катар райондорго коменданттык саат киргизилген болчу. Жергиликтүү калктын айрым өкүлдөрү кырдаал дагы эле морт экендигин, коркунуч толук чегине электигин белгилешип, өкмөттүн коменданттык саатты алып салганын туура эмес көрүп жатышат. (КС)

XS
SM
MD
LG