Улуттар Уюмунун Пакистанды селден куткаруу боюнча атайын өкүлү Жеан М.Риперт селден кутулуу үчүн эле жүз милииондогон доллар керек болсо, кайра калбына келтирүү иштерине миллиардаган каражат керектигин билдирди. Айрыкча жапа чеккен өлкөнүн түндүк батышындагы Хайбер-Пахтунхва, Пунжаб жана Синд провинцияларына айдоо аянттары менен кыштактар тегиз суунун алдында калган. Расмий маалымат боюнча селден бери дегенде 1600 киши өлүп, 14 миллион чамасында адамдар жабыр тартты.