Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

“Кыргызалтын” ишканасынын жамааты А.Жакыповду колдойт


“Кыргызалтын” ишканасынын жамааты бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, төрага Алмазбек Жакыповду колдой тургандарын билдирди. Алар А.Жакыпов ишкананын өндүрүштүк маселелерин жакшы билген жетекчи экенин белгилешүүдө. “Анын жетекчилиги астында ишкана акаевдик башкаруудан калган миллиондогон карыздардан кутула алган" - деп белгилейт аталган ишкананын төрага орун басары Дилгер Жапаров. Маалымат жыйынга катышкандар буга чейинки ушул маселеге байланышкан нааразылык акцияларды, митингдерди атайын буюртма менен А.Жакыповдун атын каралоо, компания жетикчилигине умтулуу катары баалап жатышат.

30-июлдан бери Казарманда миңден ашуун адам “Кыргыз алтын” ишканасынын жетекчиси Алмазбек Жакыповду кызматтан кетирүү талабы менен митингге чыгышууда. Анда А.Жакыпов аталган ишканага президент болуп келгенден бери Тогуз-Торо элинин социалдык абалына көңүл бурулбай, жолдор ремонттолбой, 20 үйдүн суу түтүктөрү чирип, тургундар сырттан суу ташып ичип жатканы белгиленген. Алар талаптары аткарылбаса “Макмалалтын” кенин ишин токтоторун билдиришкен.

“Кыргызалтындын” тегерегиндеги маселени иликтөө үчүн төрт кишиден турган комиссия түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG