Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Пакистан: жаратылыш кырсыгы калкты кыйнады


Селге кабылган Пакистанда кырдаал өтө опурталдуу болуп турат. Жаратылыш кырсыгынан ушул күнгө чейин болжол менен 1600 адам мерт болду, 2 миллиондой киши турак жайсыз калды. Акыркы 80 жылдан бери өлкөдө мындай алаамат болгон эмес.

Сел пайда кылган жер көчкүлөр эл аралык уюмдардын жана пакистандык аскерлердин ишин кыйындатып, жабыр тарткандарга гуманитардык жардам жана баш паанек менен камсыз кылуу аракеттерине чоң тоскоол болууда.

Бир нече күн катары менен нөшөрлөп жааган жаан Пакистандын түндүк-батышында дээрлик бардык айылдарды, көпүрөлөрдү жууп кетти. Ал эми президент Асиф Али Зардаринин өлкөдөгү абалга карабай Европага кетип калганына пакистандыктар нааразы болуп жатышат.

7-августта президент Зардари Англиянын Бирмингем шаарында Пакистандык Элдик партиянын өкүлдөрүнө кайрылуу жасаган. Бирок ал жерде топтолгон эл президентти нааразылык менен тосуп алып, Франция менен Англияга кийинчерээк деле барса болмок деп айтышты.

Бириккен Улуттар уюмунун Пакистандагы өкүлчүлүгү өлкөнү калыбына келтирүү үчүн бир нече миллиард долларга жакын эл аралык жардам керек экендигин белгиледи.

Ташкындын дэңгээли коркунуч чегинен ашып, Пакистандын түштүгүндөгү Синд вилайетиндеги Суккур плотинасынын чегине жакындап калды. Адистердин айтымында, Суккурдагы суунун ашып кетиши Синд провинциясын Пакистандын түндүгүндөгү Пунжаб аймагындагыдай кыйроолорго алып келет.

Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гилани эл аралык жардамсыз бийликтин күчү жетпей турганын айтты.

- Дем алыш күндөрү жааган катуу жаан, шамал жер көчкүгө себеп болду. Бардык 29 көпүрө талкаланды. Сват өрөөнүндөгү арыктар толугу менен жуулуп, суу айыл-шаарларды толугу менен каптап калды.

Сват өрөөнүнүн тургундары өкмөттүн аракеттеринен көңүлү калып, федералдык жана жергиликтүү бийликти эч нерсеге жарабады деп нааразылыгын билдирүүдө.

«Суу ташкыны Сват өрөөнүнүн тургундарына эң чоң залал тийгизди. Жүздөгөн турак жайлар суу астында калды, көчкү, сел жүз миңдеген адамга зыян тийгизди», - деди Сват өрөөнүндө жашаган Мохаммад Амин.

7-8-август күндөрү Сват өрөөнү толугу менен обочодо калды. Жаанга байланыштуу куткаруучулар ал жакка тик учак менен да жете албай жатышты. Жолдор талкаланып, куткаруучулар жер-жерлерде кармалып калган миңдеген тургундарга жете албай жатышат. Гуманитардык жардамды көпчүлүк учурда эшек-арабага жүктөп алып жеткиришүүдө.

Өлкөнүн түндүгүндөгү эки айыл толугу менен ылай-таштын астында калып, ондогон тургундар набыт болду. Гилгит-Балтистан вилайетинде 7-августта болгон жер көчкүдөн кийин 30 адамдын өлүгү табылды.

Синоптиктердин айтымында, жаан дагы бир нече күнгө уланат.

Пакистан: селдин кесепеттери
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00

XS
SM
MD
LG