Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Талкаланган шаарга студенттер кол сунат


Ош шаарындагы кыйраган үйлөр, 28-июнь, 2010-жыл.
Ош шаарындагы кыйраган үйлөр, 28-июнь, 2010-жыл.

Бишкек жана Ош шаарларындагы жогорку окуу жайларда курулуш бөлүмдөрүндө билим алган айрым студенттер Кыргызстандын түштүгүнө өз ыктыяры менен барып, шаарды оңдоп-түзөө иштерине катышуу демилгелерин көтөрүшүүдө.

Студенттер Ош жана Жалал-Абад аймактарында көбүнесе курулуш жаатында жасала турган иштерге кол кабыш кылышмакчы. Бирок алар үчүн шарттарды түзүп берүү жана жайгаштыруу иштери азырынча так чечиле элек.

Бишкектеги айрым жогорку окуу жайлардын студенттери июнь айында жабыркаган Ош жана Жалал-Абад аймактарындагы турак жайларды оңдоп-түзөө иштерине катышуу демилгелерин көтөрүшүүдө. Атайын курулуш тармагы боюнча билими бар студенттерден түзүлгөн топтордун мүчөлөрү мамлекет жолго, тамак-ашка кеткен чыгымдарды төлөөгө көмөктөшсө деген тилектерин билдиришүүдө.

Студенттик курулуш тобунун комиссары Эмил Качиев бул демилгени кыйын абалда өлкө үчүн кошулган салым катары баалайт:

- Биз өзүбүз мурдатан бери эле ар кайсы жерлерде өзгөчө кырдаалдар болуп калганда жардам берип, демилгелерди көтөрүп, өзүбүз да иштеп жүргөнбүз. Анан Ошто элдер да кыйын абалда болуп турат. Биз да четте карап турбай, өзүбүздүн салымыбызды кичине болсо да кошуп, колубуздан келген жардамыбызды берсекпи дегенбиз.

Курулушчулар тобу Кыргыз-орус Славян университети, Кыргыз
Быйыл эми семестр бүттү. Жайында үйгө каникулга барабыз, ал жакта бекер эле ишибиз жок жүрөбүз.
мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети жана Агрардык университеттин студенттеринен түзүлгөн. Он сегиз улан-кыздан турган бул өңдүү отряддар менен Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Жаштардын эмгек биржасы иш алып барууда. Аталган биржанын жетекчиси Азиз Идрисов билдиргендей учурда түштүк жергесине барып жардам берүүнү каалаган студенттер абдан көп. Бирок Ош жана Жалал-Абад шаарларында курулушчу-студенттерди жашаган жер, тамак-аш менен камсыз кылуу иштери толук чечилбей жатат. Мындан сырткары мамлекет тарабынан алардын эмгек акылары да такталуу үстүндө:

- Биздин студенттер даяр. Дайыма сурап жатышат. Бүгүн айтсаң да жөнөп кете алышат. Бирок бул жерден бир топ суроолорду чечүү керек. Алардын жасай турган иштери, иш коопсуздугун сактоо боюнча аракеттер, жашай турган жерлери, тамак-аштары такталып жатат. Учурда бул багытта иштер уланууда. Качан шарттар түзүлсө, студенттер түштүк жергесине жөнөп кетүүгө даяр.

Июнь айындагы Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн тополоңдон соң Ошто 730 турак жай, 208 ишкана өрттөлгөн. Ал эми Жалал-Абадда болсо жараксыз абалга келген имараттардын саны 190дон ашкан. Бул турак-жайларды калыбына келтирип, оңдоп-түзөө иштерине катышуу демилгелерин Оштун өзүндө окуган студенттер да айтып келишет.

Ош технологиялык университеттин алдында түзүлгөн Чыңгыз Айтматов атындагы студенттердин курулуш тобу учурда Ош шаарын калыбына келтирүү иштерине катышып, жардам берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин билдирет.

Студенттер - күжүрмөн күч
Отуз студенттен турган бул топ буга чейин түштүк аймакта болгон жаратылыш кырсыктарынан соң оңдоп-түзөө иштерине катышып келген. Аталган отряддын жетекчиси Рамис Ыдырысов бул демилгени айылга эс алууга келип, ишсиз отурган студенттер көтөрүп чыкканын айтат:
Качан шарттар түзүлсө, студенттер түштүк жергесине жөнөп кетүүгө даяр.


- Кечээ күнкү тополоңдон кийин студенттик отряддагы студенттер телефон чалышты. Быйыл эми семестр бүттү. Жайында үйгө каникулга барабыз, ал жакта бекер эле ишибиз жок жүрөбүз. Мына ушундай тополоң болуп кетти. Андан көрө оңдоп-түзөө иштерине катышсакпы дешти. Бир аз мамлекет жардам берсе шаарды көркүнө келтирели деген студенттер көп.

Курулуш отрядынын мүчөлөрү билдиришкендей, топтор дээрлик курулуш багытында билим алып жаткан студенттерден түзүлгөн жана студенттердин көбү оңдоп-түзөө иштери менен тааныш.
XS
SM
MD
LG