Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Ош шаарында жаңы жолдун курулушу башталды


Бул туурасында түштүк башкалаасынын мэри Мелисбек Мырзакматов Оштогу маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаңы автожолдун курулушу үч чакырымга созулат, туурасы дүйнөлүк стандартка ылайык он сегиз метрден ашпайт. Бул трасса Жибек заводу - Түштүк-Чыгыш - Автовокзал кичи райондорун Ош аэропорту менен бириктирмекчи. Аны бүткөрүүгө жумурияттын бюджетинен 54 миллион сом ажыратылган.

Анткени менен жергиликтүү талдоочулар бул жол эч кандай маселе чечпей тургандыгын, андан көрө шаар жетекчилиги июнь коогалаңында үй-жайсыз калгандарды башкалка менен камсыз этсе, соопко калааарын билдиришүүдө. (Ato)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG