Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Ооганстанда эл аралык көмөкчүлөрдүн экөөнүн сөөгү таанылды


Кабулда жайгашкан «Эл аралык көмөк көрсөтүү миссиясы» уюму өлкөнүн түндүк чыгышындагы Бадахшан провинциясында талиптердин колунан өлгөн эки кызматкеринин сөөгүн тааныды. Аталган уюмдун башчысы Дирк Франс набыт болгон экөө АКШнын Виржиния штатынын тургуну Брайн Кардерелли (Brian Carderelli) менен германиялык жаран Даниела Бейер (Daniele Beyer) экендигин тастыктады.

Ооган жана америкалык адистер өткөн жумада өлтүрүлгөн он медициналык көмөк көрсөткөн кызматкерлердин сегизи батыш өлкөлөрүнүн жарандары экендигин болжолдошууда. Алгачкы иликтөөлөр набыт болгондордун бешөө америкалыктар, британиялык, германиялык жана америкалык үч аял, эки жергиликтүү эркек бар деген маалымат берүүдө. Куралсыз адамдардан турган бу топ Ооганстандын түндүгүндөгү жергиликтүү калктын көз ооруларын дарылоо менен алектенип Кабулга кайтып келаткан жолдо көз жумду.




Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG