Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

УКМК “Эл биримдиги” партиясынын өкүлүн камакка алды


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын” жетекчиси Токтайым Үмөталиева билдирди. Анын айтымында кечээ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын адамдары “Эл биримидиги” партиясынын жаштар канатынын лидери Төрөбай Колубаев баш болгон адамдарды эч түшүндүрүүсүз кармап кетишкен. Анын ырасташынча, аларга жактоочулары киргизилбей, мыйзамдык процедураларды бузуу менен суракка алуу жүрүп атат.

Кечээ кечке жуук УКМКнын алдына кармалгандардын 50-60 чамалуу жакындары келип, туугандары эмне себептен кармалганын түшүндүрүүнү талап кылышты.

УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси Рысбек Быкын уулу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, эч кандай кармоолор тууралуу ага маалыматтар келбегенин, андыктан бул маселе боюнча эч кандай комментарий бербесин билдирди.

Айта кетсек, “Эл биримидиги” партиясынын жаштар канатынын лидери Төрөбай Колубаев 27-июнда өткөн жалпы элдик референдумга чейин маалымат таркатып, эгер референдум өтпөй кала турган болсо бийлик “Эл биримдигине” өтө турганын жарыялаган болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG