Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:27

Талибдер Ооганстанда боюнда бар аялды өлүм жазасына тарткан


Бул тууралуу өлкөнүн Багдис провинциясынын полициясы билдирди. Полициянын маалыматына караганда, окуя ушул жекшемби күнү аталган провинциянын Талибандын көзөмөлүндө турган жана жетүүгө кыйын Кадис районунда болгон. Биби Санубар ысымдуу 40 жаштагы жесир аял ала жипти аттаган деген жүйөө менен үч күн абакта отурган соң эл алдында эки жүз жолу балак жеген жана андан кийин башына атылган. Өкүмдү Талибандын жергиликтүү кол башчысы молдо Мохаммад Юсуф өзү чыгарып, өзү аткарган. Талибан 1996-2001-жылдары бийликте турган кезинде да алар шарият мыйзамын бузду деп эсептегендерди эл алдына алып чыгып, жазалоо ыкмасын колдончу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG