Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Кайрымдуулук уюму Ооганстанда дарыгерлери өлтүрүлгөнүн ырастады


Эл аралык жардам көргөзүү миссиясы (IAM) деген христиан кайрымдуулук уюмдун директору Дирк Франстын айтымында, өткөн аптада киши болгон он дарыгердин сегизи чет элдик, экөөсү ооган. АКШнын Кабулдагы элчилиги чет элдиктердин алтоосу америкалык, бирөөсү британ, бирөөсү немец экенин ырастады. АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Вашингтондон сүйлөгөн учурунда дарыгерлердин киши колдуу болушун кескин айыптап, мындай деди:

-Бул адамдар жакыр ооган дыйкандарын медициналык жактан бекер тейлөө үчүн жүрүшкөн. Алар дарыгерлер, тиш доктурлар, котормочулар, техникалык кызматкерлер эле жана алардын иши гуманитардык гана максатты көздөп, бир дагы өкмөткө көз каранды эмес болчу.

Эл аралык жардам көргөзүү миссиясы деген кайрымдуулук уюм Ооганстанда 1996-жылдан бери иш жүргүзүп келген жана уюмдун директорунан айтымында алар өлкөнү таштап кетпейт. Дарыгерлердин өлүмү үчүн Талибан жоопкерчилик алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG