Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

АКШнын Коргоо министрлиги чыгымдарын жана жетекчилигин кыскартууда


Пентагондун башчысы Роберт Гейтс жарыялаган планга караганда, армиядан кеминде 50дөй генерал менен адмиралдын кызмат орду жоюлат. Ошондой эле ар кандай кызмат көргөзгөн контрактторлого кетүүчү каражат алдыдагы үч жылда жылына 10%га азайтылат.

АКШ коргоо министри белгилегендей, ал куралдуу күчтөрдүн Бириккен командачылыгын жоюуну сунуш кылууда. Бул командачылык машыгуу иштерине көзөмөл салуу жана куралдуу күчтөрдүн түрдүү бөлүктөрү ортосундагы карым-катнашты кординациялоо милдетин аркалачы. Анда контракторлорду кошкондо 5 миңден ашуун адам иштейт жана жылдык бюджети 250 миллион доллар.

Роберт Гейтс коргоо министрлигинин структуралары, куралдуу күчтөрдүн командачылыгы камтылуучу ушул өңдүү чараларды каражатты аскер күчтөрүн кармоого жана модернизациялоо үчүн үнөмдөө деп түшүндүрдү.

2000 –жылдан бери АКШнын коргонуу бюджети эки эсе көбөйүп, 700 миллиард долларга жетип калган. Бул суммага Ооганстан менен Ирактагы аскерий чыгымдар да кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG