Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Түштүктөгү окуяда жабыркагандардын жакындары акысыз дарыланышат


Ош жана Жалал-Абад облустарында орун алган коогалаңда жабыркагандар жана дайынсыз жоголгон адамдардын жакындары медициналык текшерүүлөрдөн бекер өтүшөт. Булардын катарына Токмок шаарындагы жардыруудан жабыр тарткандар да кирет. Саламаттыкты сактоо министринин басма сөз катчысы Света Байтикованын “Азаттыкка” тастыкташынча, алар медициналык текшерилүү, амбулаториялык, стационардык дарыланууда, анын ичинде экинчи ирет кайрылган учурда да бекер медициналык жардам ала алышат. Буга байланыштуу буйрукка кол коюлду. С. Байтикованын айтымында, аймактардагы оорукана, медициналык мекемелердин ал-абалы менен таанышуу максатында Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов түштүккө барарын кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG