Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Базар-Коргондо коогалаңда жабыркагандар үчүн биринчи үй бүттү


Базар-Коргон районунун борборуна коогалаңда жабыр тарткандарга арналган жеңил конструкциядагы эки бөлмөлүү үй курулуп бүттү. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ушундай убактылуу үйлөрдү куруу долбоору Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекция жана Католиктик жардам берүү кызматы тарабынан ишке ашырылды. Ага сегиз уста тартылып, 11 күндүн ичинде куруп бүткөн жана ага үч миң доллар каражат сарпталганы айтылууда. Маалыматка ылайык, үйдүн жалпы аянты 28 метр кв. түзөт. Анын дубалдары жана полу пенопласт менен жылууланган, шыбы стекловатадан турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG