Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Белгиялык окумуштуулар Альцгеймер дартын алдын ала аныктоо методун тапты


Окумуштуулар адамдын эске тутуу системасын жабыркаткан Альцгеймер дартын так аныктоонун жаңы методун иштеп чыгышканын кабарлашты. Окумуштуулардын айтымында, изилдөөдө бейтаптын жүлүн суюктугундагы протейиндин деңгээлин аныктоо методу буга чейин дарылоого мүмкүн болбогон Альцгеймер дарты менен күрөшүүнүн жаңы эрасынын башталышы болуп саналат. Аталган жаңы метод тууралуу изилдөө АКШдагы эң белгилүү «Неврологиянын архивдери» деген медициналык басылмага жарыяланды. Анда окумуштуулар дарттын биохимиялык белгилерин изилдөөнүн үстүндө 1990-жылдардан бери дыкаттык менен иштеп, бараандуу жетишкендиктерге ээ болгондугу көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG