Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:09

Жалал-Абадда кыш камылгасы облустук кеңешмеде талкууланды


10-августта өткөн облустук кеңешмеде белгиленгендей, өкмөттүк казынадан кышка даярданууга каражат келе элек. Жергиликтүү казынанын эсебинен мектептерге зарыл болгон 11139 тонна көмүрдүн 10 пайызы (1922 тонна) эле камдалды. Эки мектеп окуу жылына даяр эмес. Саламаттык сактоо мекемелерине керектүү көмүрдүн 30 пайыздан ашыгы жеткирилди. Калктын канча отун-көмүр топтогону тууралуу маалымат жок. Акчанын тартыштыгынан электр линиялары толук оңдолгон эмес. Өткөн айлардагы окуяларга байланыштуу электр жарыгы үчүн акча жыйноо да азайып, карыз 20 пайызга көбөйүү менен 163 миллион сомго жетти. Облустук бийликте кышка камдануу штабы түзүлүп, ар бир шаар-районго жооптуу жетекчилер бекитилди. Кеңейтилген кеңешмени губернатордун биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиева алып барып, район-шаар акимдери менен тармак башчыларды элге кызмат кылууга чакырды. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG