Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:50

Таласта «Ата Мекен» партиясын бийликтин күчүн пайдаланууда деп сындашууда


Мындай арыз менен айрым жергиликтүү тургундар «Азаттыкка» кайрылышты. Алардын ичинде өзүн Талант Бердалиев деп тааныштырган жергиликтүү тургун Бишкекте боло турган «Ата Мекен» партиясынын сьездине бийликте иштеген ата мекенчилер кеткенин айтып, эмитен «Ата Мекен» партиясы «Ак Жолдун» кейпин кие баштаганы байкалууда дейт.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын облустук штаб башчысы Талас Кыдыралиев жогоруда айтылган тизме убактылуу бийлик келе электе эле такталып, анын ичинде көпчүлүгү бийлик өкүлдөрү деген маалыматты жалган деп билдирди. Анын айтымында, бул "Ата Мекен" партиясын жаманатты кылыш максатта уюштурулган иш. "Ата Мекен" партиясынын Бишкекте болгон сьездине облустан 63 делегат шайланып кеткен. (UA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG