Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Ошто студенттер мугалимдикке тартылат


Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. Алдын ала эсептөөлөр боюнча бүгүнкү күнү Ош шаарында эле 350 мугалим жетишпейт.

Президенттин кеңешчиси Виктор Черноморецтин айтымында, мектептердеги мугалимдердин тартыштыгын жабуу үчүн жогорку курстардын студенттери тартылып, аларга тиешелүү айлык-акысы коюлуп, социалдык жактан камсыздандырылмакчы.

Ошондой эле Ош жана Жалал-Абадда студенттер менен мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жогорку окуу жайларда студенттик кошуундар уюштурулмакчы.

Ырасмий статистикага ылайык, Ош шаарында жалпы 57 мектеп бар. Алардын ичинен 14 мектеп кыргыз тилинде, 22 мектеп өзбек тилинде, 9 мектеп орус тилинде жана дагы 12 мектеп аралаш тилде окутулат. (IJz)

XS
SM
MD
LG