Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Жапония өкмөтү Чүй жана Ысык-Көлдөгү жолдорду курууга жардам берет


Бул тууралуу Жапониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирет. Ага ылайык, Жапония өкмөтү Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы унаа жолдорун жакшыртуу максатында 11 миллион долларлык кайтарымсыз жардам көрсөтмөкчү.

Аталган долбоорду ишке ашыруу максатында 12-августта Каржы министрлигинде эки тараптуу документтерге кол коюлат. Кол коюу аземине Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сино Мауро, Жапониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин өкүлү Хидэаки Маруяма жана Кыргызстандын Каржы министри Чоробек Имашев катышмакчы.

Аталган долбоордун алкагында Жапония 144 даана жол куруучу техникаларды берип, эки асфальт-бетон чыгарган завод курмакчы. Ал зоводдун бирөө Токмок шаарына жакын курулса, экинчиси Ысык-Көл облусундагы Барскоон айылынын жанына курулмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG