Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Татарстанда улутчул активисттер нааразылык акциясын өткөрүштү



“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар кызматынын билдиргенине караганда, Казан шаарындагы кечээги нааразылык акциясы учурунда Татар коомдук борбору деген уюмдун активисттери өкмөт аларды бөлүп-жарууга аракеттенип жатканына нааразылык билдиришти. Колдоруна “Биз татарбыз”, “Биз 10 миллионбуз, биз бир улутбуз” деген ураан –чакырыктарды көтөргөн активисттер федералдык өкмөттү жана республика жетекчилигин Орусиянын кезектеги эл каттоосу жакындап келе жаткан учурда татарларды ар кандай майда топторго бөлүүнү көздөп жатканы үчүн айыпташты. 2002- жылкы эл каттоонун жыйынтыгында татарлар Орусиядагы экинчи ири этникалык топ болгон. Ошол эл каттоо боюнча татарлардын саны беш жарым миллион деп эсептелинип, алар Орусия калкынын 3, 8%ын түзгөн.

Татарлардын төрт негизги майда тобу бар. Алар: Крым татарлары, Волга татарлары, Сибирь татарлары жана Липка татарлары. Татар улутчулдары бул майда топтордун баарын бир улут катары эсептешет.

XS
SM
MD
LG