Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Түркия мунай куурундагы жарылууну терракт катары баалады


Киркук – Жейхан мунай куурунда орун алган жарылуудан эки адам каза таап, бирөөсү жарадар болгон. Түрк бийликтеринин билдиргенине караганда, куурдун жарылган бөлүгү Ирак менен чек арага жакын жайгашкан. Алар окуяны терракт деп атады. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик албаганы менен коопсуздукту тейлеген расмий өкүлдөр тыюу салынган Күрд жумушучу партиясы мурда ушундай мүнөздөгү кол салууларды жасаганын белгиледи.

Киркук – Жейхан мунай кууру Түркия менен Ирактын биргелешкен ишканасы. Узундугу 970 чакырым келген куур Ирактагы Киркук мунай кенин Түркиянын порттук Жейхан шаары менен байланыштырат.

XS
SM
MD
LG