Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

ЕККУнун полициясын киргизүүгө каршы митинг өтүп жатат


“Кыргыз эли сырткы күчтөргө каршы” жарандык кыймылынын 10 чакты активисти Жогорку Кеңештин алдына Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун полиция күчтөрүнүн өлкөгө киргизилишине каршы акция өткөрүп жатат. Алар бул полициянын киришин колдогон айрым жарандарды, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунованын, “Айкөл эл” партиясынын лидери Эдил Байсаловдун жана биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиевдин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылышууда. Бул тууралуу жеринен “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады.

Ушундай эле акция бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында да өтүп жатат. Ал жакта чогулган 200гө чукул адам ЕККУнун полициясын түштүккө киргизүүгө каршы пикирлерин билдиришүүдө. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Эрнис Нурматовдун билдиришинче чогулгандар колдоруна “Кыргызстан тышкы күчтөргө муктаж эмес”, “Техникалык өкмөт силер эл мененсиңерби?”, “Р.Отунбаева сиз адашып калган жоксузбу?” деген плакаттарды көтөрүп алышкан. Алар райондордон да адамдар келерин белгилеп жатышат.

Бүгүн ошондой эле Таласта «Ак Шумкар», социал демократ партияларынын айрым мүчөлөрү, революциялык коргоо комитети, жарандык коом жана жаштар уюмунун өкүлдөрү эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы экендиктерин билдирип, облустук бийликке кайрылуу жолдошту. Кайрылууда Югославия, Сербия, Осетия сыяктуу чыр-чатактуу жерлерде жогорудагыдай күчтөр кирген менен ал жерлерде тынчтык орнобостон жаңжал ушул учурга чейин басылбай жатканы тууралу жазылган.

Прзидент Роза Отунабева ЕККУдан Кыргызстандын элинин менталитетин, тилин түшүнгөн өкүлдөр куралсыз келерин жана алар кеңеш гана берерин белгилеп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG