Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

АКШ Иранды өлүм жазасы боюнча өкүмдөрдү аткарбоого чакырды


Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Иранда өлүм жазасы боюнча өкүмдүн аткарылышын күтүп жаткандардын тагдырына тынчыздануу билдирди. Ал Вашингтондон сүйлөгөн учурунда иран бийликтерин адам укугун коргоочуларды жана башкаларды өлүм жазасына тартпоого үндөдү. Хиллари Клинтон кумсалыгы үчүн өлүм жазасына кесилген Ибрахим Хамиди ысымдуу 18 жаштагы жигиттин, жубайынын көзүнө чөп салды деген жүйөө менен эң жогорку жаза алган Мохаммади Аштиани ысымдуу келиндин иштерин мисалга тартты. АКШ Мамлекеттик катчысы ошондой эле былтыркы президенттик шайлоодон кийин анын жыйынтыгына нааразылык билдирип чыкканы үчүн өлүм жазасына кириптер болуу коркунучу алдында турган ирандыктардын тагдырына да камтамачылык билдирди.

Хиллари Клинтон белгилегендей, Иран БУУнун Фундаменталдык эркиндиктер боюнча 1966-жылкы келишимин сактоосу керек. Өлкө бул документти 1979-жылкы ислам ыңкылабында батышчыл шахтын бийлиги кулатылганга чейин ратификациялаган.

XS
SM
MD
LG